Бул тууралуу кырсыктын себептерин иликтеген Мамлекеттер аралык комиссиянын төрагасы Леонид Каширский маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, «кара кутудагы» жазылган маалыматтар алынып, жазууларды окуу боюнча иштер толук бүтө элек экенин айтты.
«Кырсык болгон жерден барометрдик жана борттук үн жаздыргычтар табылган. Барометрдик үн жаздыргыч катуу жабыркаган, бирок ага карабай андагы маалыматтар алынды. Маалыматтар көп болгондуктан азырынча аларды толук окуп бүтө элекпиз. Кырсыктын келип чыгуу себептерин иликтөө үчүн көп убакыт талап кылынат. Айрым учурларда 4 жылга чейин созулат. Ал эми «Манас» аэропортундагы кырсыкты иликтөө 6 айга чейин созулушу мүмкүн», — деди Каширский.
Мындан тышкары, учкучтар акыркы жолу аба ырайы тууралуу сүйлөшкөнүн кошумчалады.