РСК Банк. «Кыргыз Трансфер» которуулары боюнча «Белектер мезгили»!

Автор -
458

Урматтуу кардарлар,

«Кыргыз Трансфер» акча которуу системасынын алкагында 2016-жылдын 1-октябрынан 31-декабрына чейин өткөрүлгөн «Белектер мезгили» аттуу акциясынын жыйынтыгы чыгарылганын «РСК Банкы» кубануу менен билдирет. Акциянын шарттарына ылайык, иш-чара өткөрүлгөн мөөнөттүн ичинде «РСК Банктан» «Кыргыз Трансфер» системасынын алкагында каалаган валютада эң көп акча которгон катышуучу – жеңүүчү деп табылат. Акция үч мөөнөт аралык жана негизги баскычтан турат.

«Белектер мезгили» акциясынын үчүнчү мөөнөт аралык баскычынын жеңүүчүсү болуп Медеркулова Бермет Мукеновна табылды, ал бүгүн «РСК Банкынын» башкармалык төрагасы Азизбек Оморкуловдун колунан Samsung моделиндеги смартфонун алды. Белектер ушуну менен бүтүп калган жок, биздин банк аркылуу акча которуп, акцияга катышкандыгы үчүн иш-чаранын жыйынтыктоочу баскычында Бермет Indesit муздаткычынын бактылуу ээси болуп калды!

Акцияда жеңип, анын көптөн-көп күткөн тилеги орундалды: «Силер мага качан телефон чалат деп абдан күттүм. Убакыт өткөн сайын, мени тамашага салдыбы деген да ой болду. Эки эселенген сүйүнчү жана мыкты белектериңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем». Жеңүүчү айым белекке алган муздаткычын сатып же бирөөгө белек кылгысы жок, ал белегин ошол эле күнү үйүнө алып кетти.

Биздин банкты тандап, банк кызматынан жигердүү пайдалангандыгы үчүн Азизбек Оморкулов жеңүүчү айымга терең ыраазычылыгын билдирип, Бермет белекке алган телефонго жакшы гана сүйүнчүлөгөн кабарлар келип, ал эми жапжаңы муздаткычы азык-түлүккө толуп туруусун чын жүрөктөн каалап кетти.

«РСК Банк» жамааты банкка көрсөткөн ишеними үчүн жеңүүчүлөргө алкышын айтып, акциянын баардык катышуучуларына ыраазычылык билдирет. Белекке алган тиричилик техникаңыз көпкө иштеп берип, ар бир демилгеңизди ийгилик коштоп жүрсүн.

«РСК Банктын» акцияларына назар салып – катышыңыздар жана жеңүүчү болуңуздар!
Дайыма сиздер менен «РСК Банк»

Телефондор: 0(312) 911 – 111;
0(706) 911 – 111;
0(552) 911 – 111.