«Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Аида Салянова, Наталья Никитенко, КСДП фракциясынын депутаты Аида Салянова КТРК телеканалында көрсөтүлүп жаткан «Келин» долбоорун жабууну талап кылды.
«Бизде келиндин ыймандуулугу, кичи пейилдиги, ийкемдүүлүгү — мыкты сапаттар. Бул сапаттар ата-энеси берген тарбияга, ички дүйнөсүнө ылайык болот. Кайнененин каарынан болбойт. Аталган долбоордо кайнене заардуу аял катары көрсөтүлүп жатат. Бул теманы күлкү-оюн кылган туура эмес. Ушундай мамиледен улам өлкөдө жүздөгөн жаш келиндердин тагдырлары талкаланып, алар көчөдө калышууда. Миңдеген балдар жетим калып жатышат. Парламент, өкмөт бул маселени чечүү боюнча чоң аракеттерди көрүп жатат, ал эми КТРКнын жасаган иши түшүнүксүз», — деп нааразы болду Салянова.
Наталья Никитенко болсо: “Экономикалык жактан пайдалуу болгон “Келин” өңдүү шоулардын ордуна үй-бүлөнү сактап калуу боюнча олуттуу телеберүүлөр даярдалышы керек”,- дейт.
“Келин” шоу-программасын экспертизадан өткөрүп, коомчулукка тартуулоо керек”, — деп билдирди Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева.
Ал КТРКнын Байкоочу кеңеши бул программаны көрсөтүү же эфирден алуу маселесин кароо зарылдыгын айтты.
“Гендердик, юридикалык экспертизадан өткөрүп, элге тартуулоо керек. Аталган канал республикалык, коомдук болгондон кийин сырттан келген продукцияны көрсөтүүдөн мурун аны текшерүүсү зарыл”, — деди эл өкүлү.