16-февралда президент Алмазбек Атамбаев Брюсселге расмий сапар менен барып, Европа Биримдигинин курамындагы башкы уюмдардын жетекчилери менен жолугат. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлү, элчи Чезаре Де Монтис билдирди.

Элчинин белгилешинче, бул кыргыз президентинин соңку 3,5 жыл аралыгында Бельгия борборуна үчүнчү сапары болот.

«Буга чейинки 2013 жана 2015-жылдардагы сапарлардын жыйынтыгы эки тараптуу кызматташтык үчүн өтө маанилүү болгон», — деди ЕБ өкүлү.

Бул сапар маалында кызматташтык боюнча жаңы макулдашуу талкууланат. Буга чейинки документ 20 жыл мурда кабыл алынган.

Жаңы макулдашуу, Чезаре Де Монтистин айтымында, акыркы жылдары Кыргызстан да, Евробиримдик да, жалпы дүйнө дуушар болгон өзгөрүүлөргө шайкеш келчүдөй мааниде түзүлөт.

«Алмазбек Атамбаев — ачык кызматташуунун мыкты үлгүсү. Президент — Евробиримдиктин досу, Евробиримдик президенттин досу», — дейт элчи.