Түркмөнстанда кечээ өткөн президенттик шайлоодо 97,27% шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады. Мамлекет башчылыгына азыркы президент Гурбангулы Бердымухамедовду кошкондо тогуз киши талапкерлигин койгон.

Добуш берүүнүн болжолдуу жыйынтыктары бүгүн белгилүү болот.

Бердымухамедов алгачкы жолу 2007-жылы президенттикке шайланган. Расмий маалыматтар боюнча 2012-жылдагы шайлоодо аны колдоп шайлоочулардын 97 пайызы добуш берген. Анда өлкө БШКсы шайлоого калктын дээрлик 100% катышканын билдирген.

2016-жылдын сентябрында Түркмөнстандын Конституциясына өзгөртүүлөр киргизилип, мамлекет башчынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 5 жылдан 7 жылга чейин узартылып, президент болуп шайлануу үчүн белгиленген курактык чектөө жоюлган.