Биринчи май райондук сотунун чечими менен “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев коопсуздук кызматынын тергөө абагына камалат.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Текебаевдин тарапкерлери анын эки айга камоо тууралуу чечим бийликтин көрсөтмөсү менен алдын ала чыгарылганын айтышууда.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев 26-февралда саат үчтө “Манас” аэропортунан кармалып, камакка алынган. Ага «коррупция» жана «алдамчылык» беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү