Жогорку Кеңешке УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев жана Башкы прокурор Индира Жолдубаева Текебаевдин иши боюнча маалымат угуу үчүн чакырылды.

Мындай сунушту «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов киргизди.

Бул сунушка 79 депутат макул, 1 депутат каршы болду.

26-февралда Текебаев Венада ЕККУнун парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышып, Кыргызстанга Стамбул аркылуу учуп келген. Ал учактан түшөрү менен УКМКнын кызматкерлери депутатты кармап кетишкен. 27-февралда эки айга камакка алынган.

Бөлүшүү