«РСК Банк» КРнын маданиятка эмгек сиңирген ишмери Базарбек Сыдыковвду мамлекетик сыйлыгы менен куттуктады

Автор -
591

Өткөн дүйшөмбүдө, 6- март күнү «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Тарых жана маданият жылынын жыйынтыгын чыгарып, маданий жана коомдук ишмерлерин сыйлоо аземи болурп өттү.

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарын «КР элинин тарыхый жана маданий байлыктарын сактап, өнүгүүсүнө кошкон өзгөчө салымы, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун, 1916-жылдагы Үркүндөгү кайгылуу окуялар менен улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгын даярдап, уюштуруп жана өткөргөндүгү үчүн, ошондой эле Тарых жана маданият жылынын жыйынтыктары боюнча кесиптик ишмердүүлүгүндө ири жетишкендиктерди багынткандыгы үчүн» тапшырды.

«Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек сиңирген ишмер» аттуу ардактуу наамын алуучулар арасында Сыдыков Базарбек Кимбилдиевич – сүрөтчү-скульптор, доцент жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу профессору, КР Сүрөтчүлөр биримдигинин башкармалык мүчөсү да бар эле.

Бул белгилүү скульптор, Ала-Тоо аянтыны менен Кожомкул атындагы спорт ордосунун жанындагы Айкөл Манастын айкелин орноткон атактуу чебер жана рухий дүйнөсү бай адам менен биз былтыр тааныштык. 2016-жылдын июль айларында өзүнүн жыйырма жылдык мааракеси менен Тарых жана маданият жылынын алкагында биздин Банкыбыз «Биз маданиятыбыз менен сыймыктанабыз» аттуу сүрөт көргөзмөсүн уюштурган эле. Ал көргөзмөдө кыргыз сүрөтчүлөрү Ормон Идрисов, Байзак Алыбаев, Нурлан Кенжеев, жана ошондой эле Базарбек Сыдыковдун да эмгектери коюлган. Ал сүрөттөр арасында «Чыңгызхандын ак булуту» аттуу айкел чопо, акиташ, ак мрамор, жез, таш жана гальваниктин ширелишинен жасалган.

Дагы бир сыймыктануучу себеп – Базарбек Кимбилдиевич «РСК Банкынын» Маркетинг башкармалыгынын кызматкери, дизайнер-менеджер Бакая Сыдыковдун атасы. Биз кыймазткерлерибиз менен сыймыктанабыз! Биз маданиятыбыз менен сыймыктанабыз!

«РСК Банк» ААК КР маданиятына эмгек сиңирген ишмери Сыдыков Базарбай Кимбилдиевичти ардактуу наамы менен куттуктап, чын ден соолук каалап, мындан ары да бизди өз чеберчилигин тартуулап, кубандырып жүрө берсин демекчибиз!

Бөлүшүү