«Дыйкан» базарынын соодагерлери Ак үй алдына митингге чыкты.

Митингге чыккандар Фучик көчөсүн оңдоо иштерине байланыштуу жабылганына нааразылык билдиришти. Акция катышуучулары жолду бир тилкесин жаап, экинчисин ачып коюуну суранып жатышат. Ошондой эле Ленин райондук акимчилиги сатуучулардын маселесин чечиши керек деген талап коюшту.