Парламентте «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Кыргыз-орус фондунун акча берүү саясатын өзгөртүүнү сунуштады.
«Фонд тар чөйрөгө иштеп турган элиталык бизнес коомуна айланды. Колунда бар адамдарга гана иштеп калды. Бул фонд эмнеге ачылган? Орусия тарап акчасын бергенде, Евразия экономикалык биримдигинин базарына Кыргызстанды адаптациялоо максаты айтылган. Бирок андай болбоду? Эмне үчүн фонддун каражатына эл аралык деңгээлдеги лабораториялар ачылбай жатат? Эмнеге айыл-чарбасына колдоо көрсөтпөйт? Бизде айыл-чарба гана бар. Ошондуктан Кыргыз-орус өнүгүү фонду ушул багытта иштеш керек», — деди ал.