Саламатык сактоо, ошондой эле дене тарбия жана спорт менен машыгууну үгүттөө максатында «РСК Банк» 2017-жылы С.Жуманазаровдун жаркын элесине арналган Кыргызстандын «Run the Silk Road» VI-эл аралык марафонунун расмий өнөгү болуп чыкты, иш чара курорттук сезондун башында, 2017-жылдын 13-майында, меймандос Чолпон-Ата шаарында өткөрүлмөкчү.
Марафон – эл аралык деңгээлдеги ири спорттук майрам, ал миңдеген кыргызстандыктар менен өлкө меймандарынын башын бириктирип, спорт, туризм жана командалык духту өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп бермекчи.
«РСК Банкынын» кызматкерлер тайпасы быйл ушул беделдүү эл аралык деңгээлдеги марафонго жигердүү катышмакчы.
«Биз марафондун максаты жана оюн толугу менен колдойбуз. Марафонго катышуу биздин Банк үчүн ардактуу миссия жана спорттук жетишкендиктерге жасалган биринчи кадамыбыз. «РСК Банк» саламаттыкты сактоо үчүн!» – дейт «РСК Банк» ААК башкармалык төрагасы Азизбек Оморкулов.
Башкармалык төрагасынын атынан Кыргызстандын «Run the Silk Road» эл аралык марафонунун уюштуруучусу Мелис Надыровго үзүрлүү кызматташуу жана кызматкерлерди даярдоодогу кесипкөйглүгү үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.
Марафонлун башталышына 46 күн калды! Үстүбүздөгү жылдын эң ири иш чарасы — «Run the Silk Road» VI эл аралык марафонунун катышуучусу бол.
Банктын акыркы жаңылыктары тууралуу социалдык түйүндөрүндө жана Банктын расмий сайтынан кабар алып туруңуздар.
Урматыбыз менен, «РСК Банк» ААК.