«Каржы сабаттуулугу» аттуу мектеп окуучулары үчүн семинар

Автор -
511

30-мартта «РСК Банк» кызматкерлери Global Money Week 2017 (Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы) кампаниясынын алкагында «Путник» балдар борборунун тарбиялануучулары үчүн экскурсия уюштуруп берди.

Семинар максаты: жаштарга туура маалымат берип, каржылык – бул зериктирүүчү нерсе эмес экенин жеткирүү.

Кардарлардын кызыкчылыгын коргоо үчүн коопсуздук, акча каражатын пайдаланууда өзгөчө кылдаттыктын керектиги, акчага аяр мамиле кылуу керек сыяктуу маселелерге өзгөчө көӊүл бөлүндү.

Балдар «зериктирбеген» каржы тууралуу бет ачар көрүп, банкомат менен таанышып, төлөм карталарынын түрүн көрүп, акчаны колдоруна алып, санап көрүштү, банкнотадагы коргоочу элементтер тууралуу кызыктуу фактылар менен таанышып, акчаны кол менен жана эсептөө аспабы менен санап көрүштү. Балдар өз талантын да көрсөтө алышты, маселен 13 жаштагы Ишбаев Куттубек акчаны колу менен элпек санап, бир да жолу жаӊылбай, санын так айтып, биздин кассирлерди айраӊ-таӊ калдырды.

Меймандар суроолорун жаадыра берди: төлөм карталарында кандай коргоо системасы бар, кайсы карта жакшыраак, картанын иштөө мөөнөтү, картанын иштөө географиясы, жасалма акчаны кантип тааныса болот, акчаны кайсы жерде жасашат, депозит продуктуларынын түрлөрү, биринчи иш күнү тууралуу айтып берүүнү суранып жатышты, кайсы жерде жана кантай билим алуу керектиги жана башка көптөгөн суроолор берилди.

Мына ушундай жолугушуулар балдарды кызыктырып, банк кызматкеринин адистиги кандай экендигин так түшүндүрүп берет.

Жолугушуу интерактивдүү түрдө өтүп, унутулгус таасир калтырды. Балдарга бет ачар ушунчалык жаккандыктан, окуучулардын бири Элнур Алмазбеков биздин кесиптешибиз болгусу келгенин билдирди.

Балдарга окуу жылында ийгилик каалап, билим алуу жолу оӊой жана кызыктуу болсун!

Маалымат:

Жаштардын каржы сабаттуулугун жогорулатууга арналган иш-чараларын өткөрүү «РСК Банкынын» жакшы салттарынын бирине айланды. Окуучулардын каржы сабаттуулугун жакшыртууга багытталган программалар Банкта 2015-жылдан тартып өткөрүлүп келет.

Балдар – биздин келечегибиз, биз аларга:

  • каржы маданиятынын негизин үйрөтүп;
  • жеке каржы пландоо эрежелери менен тааныштырып;
  • каржы коопсуздугунун негиздери менен тааныштырышыбыз керек.