Урматтуу достор!
«РСК Банк» ААК — Run the silk road Кыргызстандын алтынчы Эл аралык марафонунун расмий өнөгү катары марафонго катышууну каалагандар «РСК Банкы» ААКнун бөлүмдөрүнөн каттоо төлөмүн төмөнкү реквизиттер боюнча кабыл ала тургандыгын билдирет:
Кабыл алуучу банк: «РСК Банк» ААК, БИК 129001
Кабыл алуучунун эсеби: №1299003230413752
Кабыл алуучу: «Эл аралык марафонунун дирекциясы» КБ.
Төлөмдү жасоо алдында http://runthesilkroad.com сайтында табыштаманы толтуруу керек.
Табыштама толтурулгандан кийин сизге катталуу жөнүндө маалымат жана бет эсебинин номуру такстыкталгандыгы тууралуу билдирүү келет, ал номурду төлөм кайсы максатка багытталат деген жерге жазуу керек.
Марафон уюштуруучулары жеңилдетилген тариф боюнча төлөө мөөнөтүн узартты – 800 сом 2017-жылдын 15-апрелине чейин которулушу керек, бурун 31-мартка чейин болчу.
Каттоо төлөмү
10.01.2017 — 14.04.2017 чейин | 800 сом (жеңилдетилген төлөм) |
15.04.2017 — 11.05.2017 | 1200 сом |
12.05.2017 | 1800 сом |
Каттоо төлөмү баардык дистанциялар үчүн бирдей: Марафон (42 км 195 м), жарым марафон (21 км 97 м), 10 км, 5 км.
Каттоо төлөмү иш-чарага катышуу мүмкүнчүлүгү берилип жаткандыгы үчүн жасалган төлөм деп эсептелип, кайтарылып берилбейт жана башка убакытка которулбайт.
Марафон уюштуруучуларынын байланыш даректери:
Тел. +996312886410, +996312591490, runthesilkroad@gmail.com
Урматыбыз менен, «РСК Банк» ААК.