«РСК Банкы» «Элкарт» карталары боюнча овердрафт пайыздык коюмдарын төмөндөтүү акциясы тууралуу эскертет

Автор -
219

«РСК Банкы» жасаган «Элкарт» карталары боюнча насыя продукту – ар бир кардар үчүн болушунча ыңгайлуу болгон овердрафт пайыздык коюмдарын төмөндөтүү акциясы тууралуу эскертет.

Эми насыя пайдаланганы үчүн комиссия кепилчи уюмга байланбастан, күнүнө болгону 0,065 пайызды гана түзөт. Жаңы байыздык коюмдардын жардамы менен сиз алдыга койгон ой-максаттарыңызды жана тилегиңизди орундата аласыз.

Овердрафт түрүндө насыя берүү – эмгек акылык пластика карталарынын ээлери үчүн ар түрдүү муктаждыктардын керектөөчүлүк насыянын мыкты альтернативасы.

Негизги шарттары:

  • Овердрафт суммасы — ай сайынкы эмгек акынын 70 пайызы;
  • Овердрафт автоматтык түрдө, картага каражат түшкөндө төлөнөт. Овердрафт төлөнгөн сайын лимит калыбына келип турат;
  • Насыя үчүн пайыздарды эсептөө айыдын акыркы иш күнүндө, иш жүзүндөгү карыздын суммасына кошулат;
  • Акция мөөнөтү – 3 ай: 01.03.2017-31.05.2017-ж.

Маалымат: «РСК Банкы» Кыргызстандын каржы рыногунда 1996-жылдан бери иштеп келет. Былтыр Банк өзүнүн 20 жылдык мааракесин белгилеп, мындар ары да Кыргызстан аймагында сапаттуу жана ыңгайлуу банк кызматын көрсөтө бермекчи. Кеңири филиалдык түйүн, тажрыйбалуу кызматкерлер жана заманбап технологиялардын жардамы менен банк каржы жүгүртүмдөрүн көбөйтүп, банк ишмердүүлүгүнүн баардык багыттарында ишенимдүү өнөк экенин далиллдеп, туруктуу позициясын карманып келүүдө.

«РСК Банк» көрсөткөн ар түрдүү кызматтарында ири кардарлык базасы бар. Маселен, Кыргызстандын төлөм карталары рыногунда «РСК Банк» алдыңкы орунда — Кыргызстан боюнча чыгарылган карталарынын жалпы саны 1 100 000 болсо, «РСК Банкы» 450 миңден ашуун картаны эмитирлеген, а бул болсо карта ээлеринин 40 пайызын түзөт. 2016-жылы гана Банк «Элкарт» улуттук төлөм системасынын алкагында 70 миңден ашуун карта чыгарган.

Овердрафт боюнча пайыздык коюмдарын төмөндөтүү акциясы «Элкарт» төлөм карталарынын ээлери — колдо бар жана болочок кардарларды колдоого багытталган.

Биз ар бир кардар менен жемиштүү жана узак мөөнөттүү кызматташууга ишенебиз.

Ыңгыйлуу сунуштан пайдаланып калыңыз.

Урматыбыз менен «РСК Банк» ААК.