«РСК Банк» — Кыргызстандын Run the silk road VI-эл аралык марафонунун өнөгү

Автор -
247

Саламаттык сактап, дене тарбия жана спорт менен машыгууну үгүттөө максатында «РСК Банк» 2017-жылы эки миңден ашуун чуркоочу катышкан 13-майда, Чолпон-Ата шаарында өткөн жана С.Жуманазаровдун жаркын элесине арналган Кыргызстандагы Run the Silk Road VI-эл аралык марафонунун расмий өнөгү болду.

Ысык-Көл марафону – эл аралык деңгээлиндеги ири спорттук майрам, ал миңдеген кыргызстандыктар менен 16 өлкөдөн келген спрт сүйүүчүлөрүнүн башын бириктирип, спорт, туризм жана командалык духту өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп берди.

«Биз марафондун максаттарын толугу менен колдойбуз, – дейт «РСК Банкы» ААКнын башкармалык башчысы Азизбек Оморкулов. – Биздин банк үчүн марафонго катышуу – ардактуу миссия, ал эми жеке мен үчүн чуркоо – спорттун ыңгайлуу түрү, ал шаар шартында жашоо ритмине төп келет. Быйыл «РСКБанкынын» кызматкерлеринен турган топ беделдүү Эл аралык деңгээлдеги марафонго биринчи жолу катышып отурат. Катышуучулардын эрдигине сыймыктанып, аларга ийгилик каалап, жеңишине ишенебиз. «РСК банкы» – саламаттык сактоо үчүн! Бирге ийгиликке жетели!» – деп жыйынтыктады ал.

Бир нече ай бою банк кызматкерлери кеңселерде өзүнүн негизги жумушунан тышкары тажрыйбалуу машыктыруучулардын көзөмөлү астында машыгып, алдына зор максаттарды койду. Марафонго отуздан ашуун «РСК Банкынын» кызматкери катышып, ушундай ири спорт иш-чарасына катышканына абдан ыраазы болду. Мындан тышкары биздин банктын атынан катышкан айымдардын бири өз категориясында мыкты чыгып, алтын медалдуу болду.

Ар түрдүү аралыкка чуркап, ар түрдүү курактагы катышуучулар «РСК банкынан» белектерди алды.

Кыргызстандагы Run the Silk Road эл аралык марафонунун уюштуруучусу, анын төрагасы Мелис Надыровго жемиштүү кызматташуу жана кызматкерлерибисти тажрыйбалуу машыктырганы үчү ыраазычылык билдиребиз.

Баары өз колубузда! Алдыга гана умтулгула!

Урматыбыз менен,

«РСК Банкы» ААК.