Фархад Бекманбетов Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары кызматынан бошотулду

Автор -
302

Фархад Бекманбетов Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары кызматынан бошотулду, деп билдирет өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 46-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык буйрукка кол койду.

«Ага ылайык Бекманбетов Фархад Шаршенович Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары ээлеген кызматынан бошотулду», – делет маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү