Салык кызматы 4 айда 25,7 млн сомго камсыздандыруу полисин берди

Автор -
513

2017-жылдын 4 айынын ичинде пилоттук долбоорду ишке ашыруу алкагында Салык кызматы (Октябрь жана Сокулук райондорунун базасында) 25,7 млн сомго 17 миң 21 камсыздандыруу полисин берди, 646,8 млн сомго 27 миң 189 эсептик ведомосттору кабыл алынып, дыйкандык (фермердик) чарбаларга 1,6 млн сомго 1045 дүмүрчөк берилди, деп билдирет Салык кызматынын басма сөз бөлүмү.

2016-жылы пилоттоштурулуп жаткан салык органдары тарабынан 69,6 млн сомго 64 миң 248 камсыздандыруу полиси сатылып, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча 1 млрд 403,3 млн сомго 54 миң 627 эсептик ведомосттору кабыл алынган, дыйкандык (фермердик) чарбаларга 2,7 млн сомго 1742 дүмүрчөк жазылган.

Эскерте кетсек, Мамлекеттик салык кызматы КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-ноябрындагы токтомуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн функциясын киргизүү жана жөнгө салуунун ыйгарым укуктарын этап-этап боюнча пилоттук долбоорун ишке ашырууда.

Пилоттук долбоор этап-этабы менен Салык кызматынын Бишкек шаарынын Октябрь району жана Чүй облусунун Сокулук району боюнча башкармалыктарында ишке ашырылып жатат. Биринчи этабында 2015-жылдын 1-декабрынан тартып жалданма жумушчулары жок жеке ишкерлер камтылган. Экинчи этап 2016-жылдын 1-мартынан баштап жалданма жумушчулары бар жеке ишкерлер, жер үлүшү же анын бир бөлүгүнө ээ, бирок дыйкан (фермердик) чарбалардын мүчөсү болуп эсептелбеген жеке жактар, юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбалар тийиштүү болгон. Үчүнчү этап 2016-жылдын 1-майынан баштап юридикалык жактарга жана юридикалык жакты түзгөн дыйкан (фермердик) чарбаларга карата ишке ашырылууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү