Баткен районунун Актатыр айыл аймагнда 25-май күнү жааган жамгырдын кесепетинен Актатыр айылында 3 турак үйдүн ичине жана 19 турак үйдүн короолоруна сел суулары кирген, деп билдирет ӨКМнын басма сөз кызматы.
Андан сырткары 200 метр ички чарбалык жолду кум шагылга толтурган. Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 282-чакырымында сел агып өтүүчү сайда бараткан 3 жеңил унааны сел агызып кеткен. Жабыркагандар жок.
Самаркандек айыл аймагында жааган жамгырдын кесепетинен Самаркандек айылында 3 турак үйгө сел суулары кирген. 1 курулуш материалдарын сатуучу дүкөндүн короосуна сел суулары кирип, ичиндеги тактайларды жана дүкөндүн алдында турган 1 жеңил унааны агызып кеткен. 1 электр мамысынын астын сел суусу жууп, кыйшайтып калган.
Сел жургөн айылдарга КР ӨКМнин Баткен облустук башкармалыгынын башчысы башчылыгында түзүлгөн ыкчам топ жана айыл аймактык Жарандык коргонуу комиссиясы аталган аймакка барышкан.
Жеринде текшерип, иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Текшерүү уланууда.