«РСК Банкынын» Ош-борбор филиалы жаңы кеңсеге көчтү

Автор -
380

«РСК банкы» Ош-борбор филиалынын жаңы кеңсеге көчкөнүн эскертет. Ал төмөнкү дарек боюнча жайгашкан – Ош шаары, Раззаков көчөсү, 50 («Ак-Шумкар» ресторанынын жанында). Банктын эски кеңсеси Курманжан датка көчөсү 250а дареги боюнча жайгашчу.

Филиалда кенен жана ыңгайлуу операциондук бөлмөлөр жайгашып, банктын баардык тейлөө кызматтарын көрсөтөт: жеке жана юридикалык жактарга эсеп ачып, аны тейлөө, насыя берүү, «Золотая корона», «Контакт», «Юнистрим», «Лидер», Western Union, Money gram сыяктуу алдыңкы акча которуу системалары менен операциялар, эң аз комиссия менен иштеген «кыргыз трансфер» которуулары, «Алай кард», Visa, MasterCard, «Элкарт» төлөө карталарын жасоо жана аларды тейлөө, ыңгайлуу курс боюнча валюта алмаштыруу жана башкалар.

25-майда филиалдын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Кызыл атлас тасманы башкармалык төрагасы Азизбек Оморкулов менен Ош шаарынын вице-мэри Аскаров Замирбек Марипбаевич кесишти. Ачылыш аземине ошондой эле кардарлар жана банктын өнөктөрү катышты.

Банктын дарегине жылуу каалоо-тилектер айтылып, кийинки ишине ийгилик каалап кетишти.

«Ар бир кардарыбыз сапаттуу банк кызматынан пайдаланышы биз үчүн өтө маанилүү. Тейлөө сапатын жогорулатып, ар бир кардарыбыз үчүн ишенимдүү өнөк болууга аракетибиз зор», – деди «РСК Банкынын» башкармалык төрагасы Азизбек Оморкулов.

Келиниздер, биз Сиздерди күтөбүз.

«РСК Банк» ААК.

Кардарларды колдоо кызматы:

0(312) 911 111;

0(706) 911 111;

0(552) 911 111.