Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтүүчү Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Россия Федерациясынын Татарстан Республикасынын Казань шаарына келди, деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.
Казань шаарынын эл аралык аэропортунан Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду Татарстан Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин төрагасынын орун басары Юрий Камалтынов тосуп алды.