Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешке Айыл чарбасын жеңилдетилген кредиттөө жөнүндө мыйзамды жакшыртууну сунуш кылды

Автор -
290

Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешке жана өкмөткө Айыл чарбасын жеңилдетилген кредиттөө жөнүндө мыйзамды жакшыртууну сунуш кылды

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешке жана Өкмөткө «Кыргыз Республикасында айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамды жакшыртууну сунуш кылды. Мамлекет башчысы макулдашылган вариантты иштеп чыгуу сунушу менен Мыйзамды парламентке кайтарды.

Кабыл алынган мыйзамда «өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы, канаттуулар чарбачылыгы, балчылык, балыкчылыкпродукциялары жана аны кайра иштетүү жаатындагы айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөрдү жеңилдетилген кредиттөө жылдык үстөгү 7 пайыздан ашпаган жеңилдетилген шарттарда жүзөгө ашырылат деп» каралган. Жеңилдетилген кредиттөө механизмдерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары – Өкмөт) иштеп чыгат.

Президент А.Атамбаев мыйзам долбоорунун демилгечилерин колдойт, 2011-жылдан берки айыл чарбасын жеңилдетилген кредиттөө боюнча мамлекеттик саясатты улантууну көздөгөн Мыйзамдын позитивдүү багытын белгилейт. Бирок бюджеттин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн жанаушул кезде ишке ашырылып жаткан айыл чарбасын колдоо программаларынэске алуу менен депутаттар кабыл алган Мыйзамдын туюндурмасы толуктап иштеп чыгууну талап кылат.

Алмазбек Атамбаев финансылык жана инвестициялык саясатты камсыз кылуу, экономикалык өнүктүрүүнүн программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, рыноктун болжолдорун эске алуу менен оперативдүү түрдө жеңилдетилген кредиттөөнүн артыкчылыктарын тандоо жана/же өзгөртүү мүмкүндүгү чөйрөсүндөгү Өкмөттүн конституциялык ыйгарым укуктарын эске алган, ошондой эле каралып жаткан Мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн азыркы мезгилде айыл чарбасын каржылоо боюнча ишке ашырылып жаткан мамлекеттик программалар аяктаганга жана каржылоонун кошумча булактары табылганга чейин кыйлага узартууну караган кыйла ийкемдүү баяндоолорду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Өкмөт менен бирдикте иштеп чыгуусун максатка ылайыктуу деп эсептейт.