Шаар тургундарынан турган демилгечи топ коомчулуктун кɵңүлүн ɵлкɵдɵ кɵп орун алып жаткан каргашалуу жол кырсыктарына буруу максатында, жол кырсыгынан каза тапкандардын элесине арнап «Үнүбүз жетсин үчүн, үн катпайбыз» деген ураандын алдында үнсүз жүрүш уюштурушууда.
Жүрүш 2017- жылдын 28-майында саат 11:00дɵ башталат.
Бул акция – кɵйгɵйгɵ кайдыгер болбогон жарандардын жүрүшү, бул жол кырсыгынан каза болгон адамдардын санынын үрɵй учурган масштабга жетишине айдоочулардын жана жɵɵ жүргүнчүлɵрдүн кɵңүлүн буруу, ɵлкɵнүн ар бир жаранына ɵз жоопкерчилиги жɵнүндɵ ойлонууга түрткү берүү.
Жол кырсыгынан каза тапкандардын элесине арналган үнсүз жүрүш – бул жол кырсыктарынын кесепетинен курман болгондорду эскерүүгɵ, алардын туугандарына жана жакындарына кɵңул айтууга болгон мүмкүнчүлүк.
Бул иш-чара жогоруда айтылгандардан тышкары эч кандай саясий жана башка максатты кɵздɵбɵйт.
Жүрүштүн уюштуруучулары ɵлкɵнүн келечегине, биздин балдарыбыздын келечегине кайдыгер карабаган катардагы шаар тургундары болуп эсептелет.
Социалдык тармакта бул иш-чарага ар бир жаран колдоо кɵрсɵтүп, кайдыгер болбогон бардык жарандарды жүрүшкɵ катышууга чакыра алсын үчүн, атайын #ЖолКырсыгынанКазаТапкандардынЭлесиҮчүнҮнсүзЖүрүш, #ҮнүбүзЖетсинҮчүнҮнКатпайбыз деген ураандардын алдында расмий хештегтер түзүлгɵн.
Бардык суроолор боюнча тɵмɵндɵгү байланыш телефондор аркылуу байланышсаңыздар болот:
Кадыров Бахадыр 0555557655;
Чекирова Нуриля 0779977670;
Усонова Айгерим 0550272288.