Жээнбеков: Орозо айы адамдарды бири-бирине кайрымдуу болууга чакырат

Автор -
572

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков мекендештерин ыйык Орозо айы менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоо тексти:

«Урматтуу мекендештер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн атынан ыйык Рамазан айы менен куттуктайм.

Орозо айы адамдарды бири-бирине кайрымдуу болууга чакырат, ар бир момун мусулман ниетин, пейилин тазартууга аракет кылып, Жараткандан жакшылык сурайт.

Баардыгыңыздарга бекем ден-соолук каалайм, ниет кылган тилектериңиздер орундалышын Кудайдан тилейм.

Кыргызстаныбызда тынчтык, ар бир үй-бүлөдө бакубатчылык жана жакшылыктар көп болсун».