Алмазбек Атамбаев чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады

Автор -
406

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

Урматтуу чек арачылар! Кымбаттуу чек ара кызматынын ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Чек арачылар күнү менен куттуктайм! Мамлекеттин коопсуздугу чек арадан башталат. Ал эми чек арачынын кесиби татаал жана жооптуу. «Чептен эрдин күчү бек» демекчи, чек арачы болуу Мекенге чексиз берилгендикти жана чыныгы кесипкөйлүктү, кыраакылыкты жана эрдикти талап кылган ардактуу жана абройлуу кызмат.

Кыргызстан чек арачылары жайды жайлай, кышты кыштай, күн-түн дебей алыскы чек арада кызмат өтөшүп, ыйык кызматын ар-намыстуулук менен аткарышууда. Терроризм, контрабанда, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү менен күрөшүү – бул бүгүн чек арачылар аткарып жаткан иштердин бир чети эле. Жарандардын коопсуздугун камсыз этүү, мамлекетибиздин экономикалык кызыкчылыктарын коргоо – чек ара кызматынын ишинин эң башкы багыттарынын бири. Мына ушул ишти натыйжалуу жана ак ниеттүүлүк менен аткаруу өнүгө баштаган экономикабыздын мындан ары карай өр алышына жакшы өбөлгө болууга тийиш.

Кошуналар менен кызматташуу сыяктуу эле эл аралык интеграциялык бирикмелердин алкагында да өнөктөштүктү мындан ары карай өнүктүрүү, чек араны коргоонун жаңы формаларын жана ыкмаларын, коргоонун техникалык каражаттарын кеңири киргизүү зарыл. Кыргызстандын чек арасы ишкердүү, маданий-гуманитардык кызматташуулар жана чек ара боюндагы достук байланыштар үчүн ачык болушу үчүн колдон келгендин баарын жасоо керек.

Урматтуу чек арачылар! «Эр жигит эл четинде, жоо бетинде» дегендей, мамлекеттик чек арада кызмат өтөгөндөрдүнкатарында өмүрү кылдын учунда турса да, милдетин так аткарып, ар-намысты бийик туткан, абийири таза, жүрөгү элим, жерим деп соккон чыныгы азаматтар көп. Кыргызстан эли сиздер менен сыймыктанат!

Ардагер чек арачыларды өзгөчө жылуу куттуктагым келет. Сиздер бүгүн ардактуу эс алууда жүрсөңүздөр да, чек ара үчүн күйүп-бышып, бай тажрыйбаңыздарды болочок чек арачыларга үйрөтүп, аларды татыктуу тарбиялоого баа жеткис салым кошуп жатасыздар.

Оор кызматтын ысык-суугун тең бөлүшүп, сиздерге өбөк-жөлөк болуп жүрүшкөн чек арачылардын үй-бүлө мүчөлөрүнө терең ыраазычылык билдирем.

«Чек арачы – мамлекеттин күзгүсү», — деген сөз бар. «Чек арачы» деген кесипти ыйык тутуп, парзын ар-намыстуулук менен аткарып жатышкан бардык мекенчил азаматтарга бекем ден соолук, бакубатчылык, зор бакыт, албан ийгиликтерди каалайм!

Сүйүктүү Кыргызстаныбызда ар дайым тынчтык, биримдик жана ынтымак-ырашкерлик орносун! Кыргыз чек арасы достуктун, шериктештиктин жана кызматташуунун чек арасы болсун!

Бөлүшүү