«Акча которуп – балиде эс ал!» акциясы

Автор -
373

Урматтуу кардарлар,

1-мартта «Юнистрим» акча которуу системасы алкагында «Акча которуп Балиде эс ал!» аттуу акциясы башталып, 2017-жылдын 1-мартынан 30-апрелге чейин өткөн биринчи мөөтнөт аралык этабынын жыйынтыгын чыгарганыбыз тууралуу билдиребиз.

«Акча которуп Балиде эс ал!» акциясынын 1-этабынын жеңүүчүлөрү болуп Бактыбек Түлөбердиев менен Динара Алмаспекова аттуу кардарларыбыз болду. Булар «РСК Банкы» ААК башкармалык төрагасынын орун басары Айчүрөк Жакыпова жана Москвадан атайын келип, жеңүүчүлөргө белек тапшыруу үчүн келген «Юнистрим» системасынын Жакынкы чет өлкөлөрүнүн өнөктөш банктарын коштоо жана сатууларды өнүктүрүү департаментинин өкүлү Отабек Алиаскаровдун колунан iPhone 6s уюлдук телефондоруна сертификат алышты.

Кардарлар «РСК Банкы» менен «Юнистримге» мыкты белектери үчүн ыраазычылык билдирип, негизги этапта да жеңүүчү болооруна ишенимин айта кетишти. Бактыбек Дубайда эс алып жатып, банк менен «Юнистримдин» буга чейинки «Тилектер аткарылат» аттуу акциясынын жеңүүчүсү Чынтемир Жороев менен таанышканын айтып берди, Жороев Бактыбекке акция тууралуу жана баш байгени утуп алууга болгон мүмкүнчүлүк чындап эле бар экенин айтып бериптир.

Айчүрөк Жакыпова акция катышуучуларына «РСК Банкын» тандагандыктары үчүн ыраазычылык билдирип, жигердүү түрдө акча которуп баш байге – Жер жүзүндөгү мыкты эс алуу жайларынын бири – Бали аралына (Индонезия) эки кишилик жолдомону утуп алууга аракет көрүүгө чакырды.

Маалымат: «Акча которуп Балиде эс ал!» акциясы төрт мөөнөт аралык жана бир негизги этаптан туруп, 2017-жылдын 31-декабрына чейин уланат. Ар бир мөөнөт аралык этаптын алкагында 3 000RUB/50 USD/50EUR лимитинен ашып түшкөн акча которууларын жүргүзгөн экиден жеңүүү аныкталы, алар белекке iPhone6 моделиндеги уюлдук телефондорун алат. Негизги этаптын жыйынтыгы боюнча дагы эки жеңүүчү аныкталып, алар Бали аралына жолдомонун актылуу ээлери болуп калмакчы.

Акция этаптары:

  • Негизги:

2017-жылдын 1-мартынан 31-декабрына чейин.

  • Мөөнөт аралык:

1-этап – 1-марттан 30-апрелге чейин;

2-этап – 1-майдан 31-июлга чейин;

3-этап – 1-августтан 31-октябрга чейин;

4-этап – 1-ноябрдан 31-декабрга чейин.

Акцияга катышуу шарттары жөнөкөй – «Юнистрим» боюнча болушунча көбүрөөк акча которуп, акча алгыла.

«Юнистрим» акча которуулары заматта жүргүзүлүп, дарексиз жана эсеп ачууну талап кылбаган система. Акча которуу үчүн болгону паспорт берип, акча алуучунун аты-жөеүн жана жашаган өлкөсүн атоо керек.

 

 

«РСК Банк» ААК.

Бөлүшүү