Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды

Автор -
252

Алмазбек Атамбаев 31-майда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Жолугушууда министр мамлекет башчысына өлкөнүн тышкы саясый багыттарынын приоритеттерин өнүктүрүү, жогорку деңгээлде жетишилген келишимдерди аткаруу иштери, ошондой эле кыргызстандыктардын чет жердеги укуктары менен таламдарын коргоо маселелери боюнча мекеменин ишмердиги тууралу маалымат берди.

«Алмазбек Атамбаев чет жердик өнөктөр менен ар башка тармактарда өз ара пайдалуу жана конструктивдүү байланыштарды бир калыпта өнүктүрүү үчүн андан ары натыйжалуу тышкы саясатты жүргүзүүнүн маанисин белгиледи.

Мамлекет башчысы ТИМге өлкөнүн тышкы саясый багытын ишке ашыруунун негизги багыттары боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди», – делет билдирүүдө.

Бөлүшүү