Таланттуу балдардан укмуштуудай куурчактар

Автор -
764

Эл аралык балдарды коргоо күнүнѳ карата Гапар Айтиев атындагы сүрѳт галереясында үчүнчү эл аралык куурчактар жарманкеси ѳттү.

Иш-чаранын алкагында чыгармачыл балдардын эмгектери кѳргѳзмѳгѳ коюлду.

Аталган маарекенин уюштуруучулары Бишкек шаардык мэриясы, илим жана билим министрлиги жана”Балажан” республикалык эстетикалык тарбиялоо окуу-методикалык борбору.

Борбордун директору Дарья Мусинанын айтымында, сынактын негизги максаты – куурчак тигүү менен гана чектелбестен, анын келип чыгышын жана ѳз эңлинин тарыхын үйрѳтүүгѳ багытталган.

“Кыргызстандын, Казахстанджын жана Ѳзбекстандын ар бир аймагынын балдары ѳз эмгектерин бир жыл бою жѳнѳтүштү. Жалпысынан, 2,5 миңге жакын куурчак сунушталып, анын ичинен 450су тандалып алынып, кѳргѳзмѳгѳ коюлду жана 60 куурчактын ээлери сыйланды”, – деди директор.

Баса белгилей кетсек, бул маареке үч жылдан бери ѳткѳрүлүүдѳ, бул жылы ал эл аралык статуска ээ болууга жетишти. Жарманке балдарга жылмаюу тартуулоо үчүн концерттик программа менен коштолду.