Кыргызстан визалык чектөөлөр индексинде 78-орунда

Автор -

Кыргызстан Henley & Partners компаниясынын Визалык чектөөлөр индексинде 78-орунга жайгаштырылды. Рейтингде Кыргызстан менен бир сапта Армения, Бенин жана Марокко өлкөлөрү бар.

Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан 67чи, жана Түркмөнстан 87-сапка жазылган.

Рейтингдин биринчи сабында Германия жайгашкан, анын жарандары 176 өлкөнүн аймагына визасыз кирип-чыга алышат. Экинчиде Финляндия менен Италия, үчүнчүдө – Испания, АКШ жана Дания жайгашкан.

Визалык чектөөлөр индекси — жарандарынын эркин жүрүү деңгээли боюнча өлкөлөрдүн эл аралык рейтинги. Ал Эл аралык аба транспортунун бирикмеси менен биргеликте түзүлгөн.