МУКК: Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун мурдагы төрагасы Шералы Абдылдаевге айыбы угузулду

Автор -
315

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун мурдагы төрагасы Шералы Абдылдаев «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана башка адамдарга карата козголгон  кылмыш ишинин фигуранттарынын бири болуп саналат.

Азыркы учурда ал тергөө ишинен жашынып жүрөт. Ага КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1 бөлүгү (коррупция) боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн сыртынан айып тагылууда.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан Ш.Абдылдаевге баш коргоо чарасы камака алуу чечими чыгарылып, ал издөөгө жарыяланды.

КР МУКК анын кайда экенин аныктоо үчүн ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Бөлүшүү