10 жаштагы кызды зордуктоого шектелген адамдын иши сотко өттү

Автор -
366

Сокулук районунда 10 жаштагы кызды зордуктоого аракеттенген 33 жаштагы адамдын иши сотко өттү.

Чүй облустук ИИБсинин маалыматына караганда, шектүү ушул жылдын апрелинде 10 жаштагы кызды зордуктоо аракети маалында кармалган – зордуктоого шектелип кармалган кишини жергиликтүү тургундар өзүлөрү кармап, милиция чакырышкан.

Окуя быйыл 3-апрелде күндүз Чүй облусунун Сокулук районуна караган Ак-Ордо-3 жаңы конушунда болгон. Туура эки ай мурда тартылган бир нече адам эки колу байланып отурган кишини ылайга оонатып сабап жаткан видео 4-июнда интернетте тарап, катуу талкууга түшкөндөн кийин ачыкка чыкты.

Жергиликтүү тургун Урмат Мамытбеков милиция келгенге чейин тегеректеги эл топтолуп, кармалган адамга ачуу менен кол көтөргөндөр болгонун айтты. «Дагы жакшы кыздын атасы милиция келгенден кийин келип калды. Болбосо сабап, өлтүрүп салмак. Милиция деле жарым саатка жетпей келип, кармалган адамды алып кетти», — деди ал.

Чүй облусунун Сокулук райондук ИИБси Кылмыш кодексинин 28-129-беренеси боюнча (Зордуктоо аракети) кылмыш ишин козгоду. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов иш 2-июнда сотко өткөрүлгөнүн билдирди. Тергөө маалында 33 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну мас абалда секелекти зордуктоону көздөгөнү аныкталган.

Бөлүшүү