МУКК: Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

Автор -
310

2017-жылдын 6-июнунда МУКК контртеррористтик иш чаралардын алкагында, террордук акция өткөзүүнү көздөп жаткан ЭТУ мүчөсү «М.А.» кармалды.

Ал мина-жардырууну үйрөнүп жана «жан кечти» катары атайын идеологиялык даярдыктан өтүп келген. Ошондой эле ЭТУ башчыларынын буйругун күтүп, эл көп чогулган учурда өзүн өзү жардырууга камданып, колго жасалган жардыруучу түзүмдү даярдап жаткан.

Кармалган адамдын жашаган жеринен ыкчам-тергөө иш чараларын өткөзүүдө колго жасалган жардыруучу түзүмдүн тетиктери, жардыруучу заттарды даярдоонун нускамалары, аудио-видео материалдар жана экстремисттик мүнөздөгү адабияттар, гранаталар, ар кандай калибрдеги ок-дарылар табылды.

МУКК тергөө органдары тарабынан КР Кылмыш-жаза Кодексинин 299-1, 28-226 жана 24-беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган жаран МУКК тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Бөлүшүү