Алмазбек Атамбаев Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту

Автор -
271

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-июнда Шанхай кызматташуу уюмунун мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуунун алкагында Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өзбекстандын Шавкат Мирзиёев Алмазбек Атамбаевди жылуу тосуп алды.

«Сиздин Самарканга жасаган сапарыңыздан кийин мүмкүнчүлүк болгон сайын жолугушуп турушубуз жакшы салтка айланды. Бүгүнкү жолугушуубуз эки тараптуу мамилелер бардык тармактарда жигердүү өнүгүп жаткандыгын ырастап турат. Товар жүгүртүүнүн көлөмү кыйла өстү, эки өлкөнүн чек арасы канатташ облустарынын ортосунда байланыштар тереңдеп жатат. Кайсы жерде жолугушпайлы, алдыга жылыш үчүн биз бардык күч аракетти жумшап жатабыз», – деди Шавкат Мирзиёев.

«Биз сизди расмий сапар менен Өзбекстанга келип кетүүгө чакырабыз. Арадан өткөн жарым жыл алдыга жылыш үчүн жакшы негиздер бар экендигин көрсөттү. Эгерде биз ишкерлер коомчулугун бириктирсек, чындыгында жакшы ийгиликтер жаралат. Эң негизгиси биздин ортодо чек ара болбошу үчүн бардык аракетти жасашыбыз керек, биздин чек араларыбыз ачык болууга тийиш», – деп белгиледи Шавкат Мирзиёев.

Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев Шавкат Мирзиёевге Өзбекстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакыргандыгы үчүн ыраазычылык айтып, бардык олуттуу тармактарда кыргыз-өзбек мамилелерин чыңдоо боюнча биргелешкен активдүү иштерге даярдыгын билдирди.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара боордош эки элдин жыргалчылыгындагы достуктун жана тынчтыктын чек арасы болууга тийиш экендигин баса белгиледи.

Эки өлкө башчыларынын жолугушуусунун жыйынтыгы менен тиешелүү ведомстволорго кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимди кол коюу боюнча маселелерди макулдашуу иштерин тездетүүгө тапшырма берилди.

Бөлүшүү