Алмазбек Атамбаев 10-июнда Астана шаарына жасаган жумушчу сапарынын алкагында Чехиянын президенти Милош Земан менен жолугушту, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.
Жолугушуунун жүрүшүндө саясый, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташуу маселелери талкууланды
«Мамлекет башчылары эки тараптуу байланыштарды бардык деңгээлде активдештирүүнү колдоорун билдирип, Кыргызстанга Чехия инвестицияларын тартуу маселелерин жана конкреттүү долбоорлорду биргелешип ишке ашыруунун перспективаларын талкуулады», – делет билдирүүдө.
Милош Земан чех тарап Кыргызстанда энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар экендигин билдирди.