Ош шаарында 2010-жылдагы июнь окуяларында каза болгондорду эскерүү боюнча иш-чара өттү

Автор -
320

Ош шаарында бүгүн, 10-июнда, 2010-жылдагы июнь окуяларында каза болгондорду эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Анда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышты.

“Бүгүн биз июнь окуяларында каза болгондорду жана дайынсыз жоголгондорду эскерүү үчүн чогулдук. Бул кайгылуу күндөр көптөгөн адам өмүрүн алып кетти. 2010-жылдын май-июнь айларында өлкөдө сепаратисттердин уюшкан иштери күч алды, өзгөчө өлкөнүн түштүгүндө күчөгөн. Айрымдар өлкөнүн кыйрашы тууралуу сөз таратышкандыгына карабай Кыргызстан оор күндөрдү башынан өткөрдү. Элдин ажырагыс биримдиги – өлкөнүн кыйроосун алдын алып, стабилдүүлүктү сактап калды. Бүгүн биз жалпы күч менен күчтүү мамлекетти куруп жатабыз”, – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр белгидегендей, учурда деструктивдүү күчтөр бар экени жашыруун эмес, бирок ага карабай Кыргызстандагы улуттар арасындагы достук, биримдик аларга каршы курал экени коогалаңда далил боло алды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкө элин тынчтыкка, биримдикке үндөп, мамлекеттин келечеги кыргызстандыктардын колунда экенин белгиледи.

Өкмөт башчы кайгылуу июнь окуяларында облус жашоочулары гана жардам көрсөтпөстөн эл аралык к0оомчулук дагы кол сунганын билдирди. Жалпы колдоонун жана биримдиктин аракети, прогрессивдүү күч менен терең каатчылыкты алдын алынды.

“Ош шаарын калыбына келтирүү үчүн ири материалдык жардамдар жумшалды. Шаар кайра ордуна тургузулду, бирок каза болгондорду кайтарып келүү мүмкүн эмес, алар биздин жүрөгүбүздө өмүр бою сакталып кала берет. Бул биздин ар бирибиздин кайгыбыз. Ошол мезгилден тартып, акыркы жети жыл аралыгында калктын биримдигин, стабилдүүлүктү жана улуттар аралык ынтымакты бекемдөө үчүн мамлекеттик саясат жүргүзүлүүдө”, – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков, ошондой эле каза болгондордун жакындарына, балдарын жоготкон ата-энелерге көңүл айтты.

Сооронбай Жээнбеков биримдик аркылуу гана душмандарга каршы турууга мүмкүн экендигин эске салды. Ал белгилегендей, мындай деструктивдүү күчтөргө каршы туруштук бере албай, кыйрап калган өлкөлөр бар экендигин айтты.

“Ошондуктан мамлекеттин тынчтыгы ар бир үй-бүлө, шаар, көчө, ар бир жаранга көз каранды. Биздин күчүбүз биримдикте, андыктан өлкөнүн туруктуулугун буза турган кандайдыр бир аракеттерди алдын алышыбыз керек. Өлкөнүн тарыхында мындай окуялардын кайталанбашы үчүн жалпы күч менен каршы турушубуз зарыл”, – деп өз сөзүндө Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгиледи. 2010-жылы курман болгондорду эскерүү иш-чарасына Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, каза болгондордун туугандары жана Ош шаарынын тургундары “Энелердин көз жашы” мемориалына гүл коюшуп, каза болгондорго багыштап Куран окушту.