Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн оор жумуштарга тартылуусу боюнча семинар өткөрүлдү

Автор -
386

Акыркы жылдарда жашы жете элек өспүрүмдүн оор жумуштарга тартылуусу боюнча текшерүү иштери күч алды. Мамэкотехинспекциянын эмгекти коргоо боюнча башкармалыгынын инспекторлору тарабынан республикадагы ири жана кичи базарлар текшерүүгө алынып, андагы өспүрүмдөрдүн мыйзамсыз оор иштерге тартылып жаткандыгы аныкталып, алардын ата-энелери менен жолугушуулар уюштурулган.

Түшүндүрүү иштеринин негизинде жаш жеткинчектердин укугу коргоого алынып, мындай иш аракеттер өз жыйынтыгын берип келет. Буга байланыштуу Мамэкотехинспекциянын эмгекти коргоо башкармалыгынын башчысы Бакыт Жолчиев, ИИМнин адистери, акыйкатчы жана социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле жогорку окуу жайларынын студенттери менен биргеликте «жаш балдардын эмгегин коргоо» аттуу темада семинар өткөрүлдү. Семинарда жаш балдардын оор жумуштарга тартылуулусун алдын алуу, бүтүрүүчүлөрдүн эмгек укуктары, жумушка орношуу боюнча маселелер талкууга алынды.

Аталган семинар суроо жооп ирээтинде өтүп, студенттердин, окутуучу мугалимдердин суроолоруна тийиштүү адистер жооп берди. Өз кезегинде Мамэкотехинспекциянын эмгекти коргоо башкармалыгынын башчысы Бакыт Жолчиев, инспекция тарабынан эмгек мамилелерин коргоодо акыркы жылдары жүргүзүлүп жаткан иштер, курулуштардагы жаш балдардын эмгектенүүсү, алардын коопсуздугу тууралуу доклад окуду. Ошондой эле мекемелер аралык кызматташтык, төмөнкүдөй семинарлар жаш балдардын оор иштерге тартылуусун, алардын  укугун коргоодо жакшы натыйжалар менен биргеликте алардын укугун коргоодо жүргүзүлүп жаткан өз таасирин натыйжалуу берүүдө.

Эске салсак, аталган семинар Мамэкотехинспекция тарабынын уюштурулуп, буга чейин Ош жана Ысык-Көл облустарында өткөрүлгөн.