Алмазбек Атамбаев ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлүн «Даңк» медалы менен сыйлады

Автор -
342

Алмазбек Атамбаев 15-июнда өлкөдө миссиясы аяктагандыгына байланыштуу ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александр Аванесовду кабыл алып, Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы кызматташууну чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн “Даңк” медалы менен сыйлады, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы Александр Аванесовго Кыргызстандагы жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнүн БУУ менен кызматташууну чыңдоого кошкон жеке салымын жана өлкөдө маанилүү реформаларды жана кайра түзүүлөрдү жүргүзгөн мезгилде көрсөткөн жардамын баса белгиледи.

Алмазбек Атамбаев менен Александр Аванесов Кыргызстандын түйүндүү тармактарындагы жүргүзүлүп жаткан реформаларды, анын ичинде коррупцияга каршы күрөштү, сот, шайлоо жана укук коргоо системаларындагы реформалардын жүрүшү, өлкөнүн жарандык секторун мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле БУУнун Баш катчысы Антониу Гутеррештин жакында Кыргызстанга жасаган сапарынын жыйынтыктары талкууланды.

Бөлүшүү