Дүйнөдө эрте курактагы балдардын жарымынан көбү аталары менен ойнобойт жана чогуу окушпайт – ЮНИСЕФ

Автор -
379

Кыргызстанда үчтөн төрт жашка чейинки курактагы балдардын 61% оюнда жана эрте өнүгүүдө аталарынын көңүл буруусуна муктаж. 40 миллион киши жашаган 74 өлкөдө 3төн 4 жашка чейинкикурактагы балдардын жарымынан көбүнүн, же 55% аталары эч качан алар менен ойнобойт, же эрте билим алуусуна катышпайт. Бул сандар БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) жаңы анализинде келтирилген.

«Бул сандар балдарды эрте куракта тарбиялоодо активдүү роль ойноо аталар үчүн оңой болбогонун тастыктаптурат. Бала жетиштүү мээрим алып, ойноп, өзүнкорголгондой сезип, өнүгүп, туура тамактанган чөйрө түзүүгө аталарга мүмкүнчүлүк бербей жаткан бардык тоскоолдуктарды жоготушубуз керек. Биз бардык ата-энелерге балдарын эрте куракта толук колдоо үчүн зарылболгон убакыт жана билим боло тургандай шарттарды түзүшүбүз керек», – деп айтты Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин башчысы Юкиэ Мокуо.

ЮНИСЕФтин ата-энелердин жүрүм-туруму боюнча анализинде 3 жана 4 жаштагы балдар өз аталары менен оюн ойноп, билим алабы деген маселе каралат. Бул анализде Көп индикаторлуу кластердик изилдөөнүн (КИКИ)маалыматтары колдонулган. Атанын катышуусу – бул балдарына китеп окуп берүүсү, окуяларды жана жомоктордуайтып берүүсү, балдары менен чогуу ырдап, сейилдегени, бирге ойноп, эсеп чыгарып, сүрөт тартуусу.

Аталарды кичинекей балдарынын өнүгүүсүндө активдүү роль ойноого чакырып, баланын мээсинин туураөнүгүүсүндө ата мээриминин, оюндун, коргоонун жана туура тамактануунун маанисин баса белгилөө үчүн 12-июндан18-июнга чейин Кыргызстандагы ЮНИСЕФ бардык үй-бүлөлөргө #СуперАта #СуперПапа #Алгачкы күндөрдөнбаштап деген хэштегдерди колдонуп, өздөрүнүн Facebook, Instagram жана Twitter баракчаларында сүрөттөрдүжана видеолорду жарыялоону сунуштайт. Бул өнөктүк аталарды балдары менен көбүрөөк убакыт өткөрүүгө үндөп,аларды колдоп, шыктандыруу максатында өткөрүлүп жатат.

«ЮНИСЕФ өкмөттү жана бизнести балдардын эрте өнүгүү программаларын колдоого багытталган саясатка инвестиция салып, таасир тийгизүүгө, ошондой эле ата-энелерге балдарын талаптагыдай багуу үчүн зарыл болгон ресурстарды жана маалыматтарды берүүгө чакырат. Нейроилим жаатындагы жетишкендиктер далилдегендей,балдар төрөлгөндөн кийинки алгачкы жылдарын камкор, алардын өнүгүүсүнө дем берген чөйрөдө өткөрсө, жаңынейрондук байланыштар секундасына 1000 жолу биригүүгө чейинки ылдамдыкта калыптанышы мүмкүн. Мунубашка куракта кайталоо мүмкүн эмес. Бул байланыштар балдардын ден соолугуна, окууга болгон жөндөмдүүлүгүнөжана келечекте стресстерди көтөрүүгө таасирин тийгизет», – деп белгиледи Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин эртеөнүгүү боюнча адиси Чинара Джумагулова.

Бөлүшүү