Пробация кызматын тγзγγ боюнча иш планын жана концепциясын иштеп чыгуу Бишкекте талкууланат

Автор -
357

2017-жылдын 16-июнда өкмөтγнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Кыргызстандагы Эл аралык Кызыл Крест Комитети менен биргеликте Кыргызстанда Пробация кызматын тγзγлγшγн колдоо боюнча семинар өткөрөт. Семинарга ЖАМК кызматкерлери, «Пробация» жөнүндөгγ мыйзамды иштеп чыккан топтун өкγлдөрγ, эл аралык жана бейөкмөт уюмдарынын өкγлдөрγ катышат.

Семинарда адистер Кыргызстанда тγзγлγγчγ Пробация кызматынын концепциясын жана иш планын талкуулашат. Ошондой эле, алар ушул багытта иштөө γчγн негиз болуп бере турган сунуштарды иштеп чыгышат.

«Пробация» жөнүндөгγ мыйзам Кыргызстанда 2019-жылдын 1-январынан баштап кγчγнө кирет. Ошону менен мамлекетте жаңы социалдык-укуктук институт иштей баштайт. Ал соттолуп шарттуу тγрдө мөөнөтγнөн эрте бошотула турган жарандарды жана эркинен ажыратпай жазасын алгандарды коомго кайра кошулуусун камсыздайт.

Мыйзам кγчγнө киргенге чейин республикада пробация боюнча жооптуу органды тγзγγ γчγн керектелγγчγ уюштуруучулук чараларды көрγγ зарыл. Бул ал органды КР ЖАМКтын азыркы учурдагы жазык-аткаруу инспекцияларынын негизинде тγзγлγшγ кγтγлγγдө.