Алмазбек Атамбаев саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алды

Автор -
324

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-июнда өлкөнүн саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алды

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына  калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтын сапатын жакшыртуу, анын жеткиликтүү болушун камсыз кылуу, тактап айтканда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун ишке ашыруу аркылуу диализдик кызматтын  калкка  жеткиликтүү болушун камсыз кылуу туурасында маалымат берилди.

Талантбек Батыралиев  Президентке ошону менен бирге өлкөдө жаңы медициналык мекемелердин курулуштарынын жүрүшү, ооруканаларды куруу, ремонттоо жана модернизациялоо боюнча мындан аркы пландары жөнүндө айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев саламаттык сактоо тармагында реформаларды натыйжалуу ишке ашыруунун маанисин баса белгилеп,  медициналык жардам берүү системасын мындан ары өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Бөлүшүү