Алмазбек Атамбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды

Автор -
267

Алмазбек Атамбаев 19-июнда өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Өлкөнүн президенти тарабынан кол коюлган мыйзамга ылайык, Коопсуздук кеңешинин Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн, суверенитетин, көз карандысыздыгын жана территориалдык бүтүндүгүн азыркы замандын көйгөйлөрүнөн жана коркунучтарынан коргоого, өлкөнү узак мөөнөттүү перспективага туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылууга багытталган тышкы жана ички саясаттагы маселелер боюнча чечим иштеп чыгуу бөлүгүндөгү ыйгарым укуктары күчөтүлгөн.

Алмазбек Атамбаев өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралардын комплексин толугу менен сапаттуу ишке ашыруу зарыл экендигин белгилеп, азыркы замандын көйгөйлөрүн жана коркунучтарын эске алуу менен Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын натыйжалуу ишин камсыз кылуу тапшырмасын берди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү