Эл аралык Genius олимпиадасы: Кыргызстан 16 медаль жана 17 кызыктыруучу сыйлык алды

Автор -
299

АКШда 2017-жылдын 12-17-июнь күндөрү өткөн Genius олимпиадасында Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин окуучулары 71 өлкөдөн жана Америка мамлекетинин 39 штататынан келген 1 100 окуучулар менен 5 категория боюнча ат салышып, 5 алтын, 6 күмүш, 5 коло жана 17 кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болду.

Мындан сырткары, Бишкек “Айчүрөк” лицейи олимпиадага эң көп долбоор менен катышкан мектеп деп тандалып, атайын сыйлык менен сыйланды.

Ошондой эле, Genius олимпиадасында Кыргызстан 81 долбоору менен эң көп катышуучу алып барган мамлекет катары танылды.

Эл аралык Genius олимпиадасы дүйнөдөгү 12ден 18 жашка чейинки окуучулардын арасында учурдун глобалдуу көйгөйүлөрдүн чечүү жолдорун көрсөткөн долбоорлор жарышы.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү