Араванда мыйзамсыз мрамор ташыгандар кармалды

Автор -
363

Ош облусунун Араван районундагы Араван токой чарбасынын  аймагында №6 Агарт участкасында мыйзамсыз мрамор таштарын ташыган жаран кармалды.

Мамэкотехинспекциянын инспекторлорунун ыкчам иш аракетеринин негизинде Исанов Маматказы аттуу жаран, жайыт багытындагы жерден баалуу кенди казып келгендиги аныкталган. Ал эми мыйзам боюнча токой чарбалардын аймагында баалуу кендерди казуу иштери тыюу салынганы менен, Араван токой чарбалыгы аларга эч кандай чара көргөн эмес. Жеринде ишкердин мыйзамсыз ишмердүүлүгү токтотулуп, 31 миң 590 сом доо менен 18 миң сом айып салынды.

Бүгүнкү күндө коюлган доо айыптар толугу менен өндүрүлүп, мыйзамсыз иштерге жол берген Араван токой чарбалыгынын тийиштүү адистерине чара көрүү боюнча иштер жүрүп жатат.

Бөлүшүү