Атамбаев токойлордогу өрт кесепетинен адамдардын мерттенгенине байланыштуу Португалиянын президенти көңүл айтты

Автор -
278

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев Португалиянын борбордук бөлүгүндөгү токойлордогу өрттүн кесепетинен улам көп адамдардын каза болгондугуна байланыштуу Португалия Республикасынын президенти Марселу Ребелу ди Созага көңүл айтты.

“Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтуумду, жаратылыш кырсыгынан жапа чеккендердин баары тезирээк сакайып кетишин кааларымды жеткирип коюуңузду өтүнөм”, – деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү