Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан 2016-жылга Кадажмай районунун билим берүү бөлүмүндө бюджеттик, атайын жана башка каражаттардын пайдаланылышына жүргүзүлгөн аудитте 4 млн сомго каржы бузуулары аныкталды.
Анын ичинен: акча каражаттарынын кем чыгуулары – 2,7 млн сом, бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу – 1,3 млн сом.
Эсептөө палатасы аудиттин материалдарын ЭККМКга берди.