Бүгүн, 22- июнь күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Сулайман-Тоо аймактык кеңешинде жайгашкан №16 “Акылай” балдар бакчасынын 75 орундуу кошумча имаратынын курулуш иштеринен кабар алды.
Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев Ош шаарында үч жылдын аралыгында 6 бала бакча толугу менен бүтүп, колдонууга берилгенин айтып, быйыл 2 бала бакчаны сентябрь айында шаардыктарга тапшырыла тургандыгын билдирди.Алардын бири №16 “Акылай” балдар бакчасы болсо, экинчи Курманжан Датка аймактык кеңешиндеги Дача аймагында жайгашкан деп кошумчалады.
Айта кетсек, №16 “Акылай” балдар бакчасынын 75 орундуу кошумча имаратынын сметалык баасы 24 млн сом, ал эми тендердик баасы 14,1 млн сомду түзөт.