Орусиялык укук коргоочу Виталий Пономарев эмне себептен өлкөгө киргизилбей жатканы боюнча кыргыз бийлиги түшүндүрмө бере элек. Чек ара кызматы бул боюнча маалымат берүүдөн карманып турат.
Ушул тапта кыргыз-казак чек арасындагы «Ак жол» өткөрмө бекетинде турган Пономарев кыргыз бийлиги эч себепсиз чек арадан өткөрбөй жатканын айтууда.
Ал 29-июнда Кыргызстанга эч тоскоолдуксуз кирип, экстремизмге каршы эл аралык конференцияга катышып, Казакстанга кеткен. Ал 9-июлда Бишкекке кайтып укук коргоочу кесиптештери менен жолукмак.
Орусиялык укук коргоочу “Азаттыкка” курган маегинде Бишкектен Москвага учуучу билетин жабууга жана Бишкекте калган буюм-тайымдарын алдырууга аракет кылып жатканын кошумчалады.
«Мемориал» уюмунун Борбор Азия программаларынын жетекчиси Виталий Пономарев 9-июлда Казакстандын чек арасынан Кыргызстанга киргизилген эмес. Бул маселе боюнча УКМК маалымат берүүдөн баш тартты.