Тоң районунун Кулунду айылында кечээ «Хонда Стрим» үлгүсүндөгү унаа менен «Субару Легаси» үлгүсүндөгү унаа кагылышып, натыйжада 6 адам жаракат алып, 3 адам каза болгон, деп билдирет ӨКМ басма сөз кызматы.
Куткаруучулар кырсык болгон жерине барышып, унаага кыпчылып калган адамдардын жансыз денесин чыгарышып, медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 3 куткаруучу тартылган.
«Ошол эле күнү саат 23:00 чамасында Нарын-Өрүктам унаа жолундагы Эки-Нарын айылынан 3-4 чакырым алыстыкта жайгашкан көпүрөдөн «Хонда степ вагон» үлгүсүндөгү унаа Кичи-Нарын дарыясына түшүп кеткен. Унаанын ичинде эки адам болгон алардын бирөө унаадан чыгып, ал эми экинчиси унаадан чыккан же чыкпагандыгы белгисиз болгондуктан издөө иштери жүргүзүлүп, 9-июль күнү саат 16:30да жарандын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген. 4 куткаруучу тартылган», – делет билдирүүдө.