Ысык-Көл облусунда жасалма евро алмаштырууга аракет көргөн КМШ жарааны кармалды

Автор -
311

Ысык-Көл РИИБнүн нөөмөт кызматына Бостери айылында жайгашкан акча алмаштыруу жайынын кызматкери кайрылып, 8-июль күнү болжолуу 50-55 жаштагы белгисиз европа улутундагы адам 2000 евро алмаштыргандыгын билдирген. Акчаны алмаштырып жаткан учурда, акча каражаттары жасалма экендигин байкап калган кызматкер, ошол замат райондук милициясына билдирген.

Аталган билдирүү боюнча, Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнө жайкы туристик мезгилде коомдук коопсуздукту сактоого тартылган мобилдик топтун кызматкерлери тарабынан көрүлгөн тез чара иш аракеттердин натыйжасында жасалма акчаларды өткөрүүгө аракет кылган шектүү адам кармалды. Ал 54-жаштагы КМШ жарааны Л. Валерий болуп чыкты. Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү катары кармалган адамдын өздүгүн изилдөө учурунда, Чүй облустук милициясы тарабынан алдамчылык кылмышы менен издөөдө жүргөндүгү дагы аныкталган.

Жасалма акчаны өткөрүүгө аракет көргөндүгү фактысы боюнча материалдар территориалдык экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына юридикалык баа берүү үчүн өткөрүлүп берилди.