Балыкчы-Каракол жолунда эки унаа кагылышып, 13 адам жабыркады

Автор -
377

Балыкчы-Каракол унаа жолунун 101-чакырымында «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа менен «Вито минивен» үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн, деп билдирет ӨКМ басма сөз кызматы.

«Вито минивен» унаасында жалпы 12 адам болгон, ал эми «Мерседес-Бенцте» 2 адам болгон.

«Жол кырсыгынын кесепетинен 1958-жылы туулган Б.Ш.Т. атту аял каза болгон, 13 адам жабыркап, райондук оору кананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Куткаруучулар жол кырсыгы болгон жерге барышып, жаракат алган адамдарды унаалардан чыгарышып, тез жардам кызматынын унаасына салып беришкен. 4 куткаруучу тартылган», – делет билдирүүдө.

Бөлүшүү