Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Түркияга иш сапары менен жөнөп кетти

Автор -
376

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев иш сапары менен Түркия мамлекетине жөнөп кетти, деп билдирет дин башкаралыгынын басма сөз кызматы.

Азирети Муфтий Түркиядагы иш сапарынын алкагында Түркиянын дин иштери боюнча башкармалыгынын төрагасы Мехмет Гёрмез менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну жакшыртуу, ажылык-умра иштерин уюштурууда тажрыйба алмашуу, Ханафий мазхабынын негизинде имамдардын, диний окуу жайлардын мугалимдеринин билим деңгээлдерин жогорулатуу, дин башкармалыктар арасындагы достук алакаларынын бекемделиши жана Бишкек шаарындагы курулуп жаткан борбордук мечиттин курулуш иштери боюнча пикир алышмакчы.

Бөлүшүү